Датасы: 29.09.2020
Формат: mp3

Ар үйдө аксакалдуу кары болсо,
Балпайган байбичеси дагы болсо.
Баласы баар таап эмгегинен,
Жанында жаркылдаган жары болсо.
Чоң ата бардыгына калыс болсо,
Чоң эне суук сөздөн алыс болсо.
Келини кербезденип бой көтөрбөй,
Уулунда уят менен намыс болсо.
Жакшылык эсеби жок эчен болсо,
Жоогазын өмүр сүрүп эсен болсо.
Береке, ырыс тилеп ар бир үйгө,
Элибиз ынтымактуу элден болсо.
Уулунда уят менен намыс болсо,
Кыргызым ынтымактуу элден болсо.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *