Аралап махабаттын багына,
Ашыгым келип калдым жаныңа
Акактай сезим менен сүйдүрүп,
Айландың жан дүйнөмдүн барына.
Кайырма:
Өзүңө арнайын, өмүрдүн бар шаңын,
Өзгөчө сүйкүмдүү, жан эркем ардагым.
Кыялым эңсеген, кымбатым сен белең
Бакыттын багында эркелеген.
Өзүңө сылаттырып саамайым,
Өмүрдүн таптым бакыт-таалайын.
Кыялым кыналышып эх, чиркин
Кылымга сендик болуп калайын.
Кайырма:
Гүлнара Калдарова — Өзүңсүң ардагым тексти
Датасы: 30.09.2020 Көрүүлөр: 346