Илеп бир келеп илеп жип
Илебин таппай жаңылдым
Кеч салкынды болжогон
Кыялыңды сагындым
Түркүн бир түрдүү жибектин

Түйүнүн таппай жаңылдым.
Күн салкынды болжогон,
Күкүшүм ий, ой, Күкүш-ай
Олда оюнуңду сагындым.

Карайган тоонун боорунан
Карчыга куштай үн каттым.
Кадырыңды мен санап,
Караңгыда түн каттым.
Улуу да тоонун боорунан,
Убадаңды мен санап,
Күкүшүм ий, ой, Күкүшүм
Олда уктабастан түн каттым.

Кыялда ойноп кенебей
Кыйноого салдың ченебей.
Кыялымда ойлоймун,
Кыз алган жарга теңебей.
Акылга ойлоп кенебей.
Азапка салдың ченебей.
Акылымда ойлоймун оо Күкүш,
Күкүшүм ий, ой, Күкүш
Олда алган бир жанга теңебей.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *