Кыштын кызы Бореа-бороон ойлонуп отуруп, жашым келип калды, багымды табайын деди. Түштүктөн соккон шамал Сирокко — көӊүлүнө толду. Учуп барып тартынбастан маселени кабыргасынан койду:
— Дон Сирокко, мага үйлөнгүӊ келбейби?
А Сирокко эркин жашоого көнгөн. Кааласа Африкага учуп барат же деӊиз үстүн чарпый зуулдайт – аялдын эмне кереги бар ага! Ошондуктан жообу мындай болду:
— Э, донна Бореа, эки жакыр бириксе капчыгы толуп бай болбойт. Менде го эч нерсе жок, сенин деле жарытылуу себиӊ бар экенинен күмөнмүн.
— Кантип мен бай эмесмин! – Бореа таарынгансып калды. – Эӊ кыйын деген королдун байлыгы меникине жетпес. Менин күмүшүм – алардын алтынынан ашып түшөөр.
Ачуусу келип, намыстана түшкөн Бореа болгон күчү менен үйлөй баштады эле, өзү да адегенде аптыгып кетти. Бореа-бороон күчтөнгөндө эмне болору баарыбызга белгилүү го. Ал тынбай үч күн, үч түн үйлөдү. Бүт өрөөндү ой-чуӊкуруна чейин карга каптап, үйлөр менен дарактарды бубакка ороду. Кар көздү уялтып, бубагы да таза күмүштөй күнгө чагылышып жаркылдайт.
— Ии, дон Сирокко, менин себимди дагы эле аз дейсиӊби? Менде күмүш аз бекен?
Сирокко эч нерсе деп жооп берген жок, жылмайып гана койду, ал дагы үйлөй баштады. Ал бир күн, бир түн эле аракеттенди да, кыз чачкан карды бүт эритип жок кылды. Анан сурады:
— Кана, дона Бореа, мага турмушка чыгууга макулсуӊбу?
— Ой, жок, айланайын! Чыкпай калайын! Мага сарамжалдуу күйөө керек, сен менин жыйнаган себимди бир күндө чачып жок кылдыӊ!
Бул окуядан кийин алыста жүрсө да Бореа Сироккого күмүшүн чачып калчу болду.