Ниетимди өзгөртүп өзүң үчүн,
Булут болуп, берейин жалгыз өзүм.
Окшоштукту мен сага таппай келем,
Канча айланып, кыдырып дүйнө жүзүн.
Куса болуп ой келет түркүн мага,
Күлмүңдөгөн көздөрүң күлмүң гана.
Күйүттүү бир илдетке чалдыгыпмын,
Күлүп коюп, сүйүп коюп сен менен бир күн гана.
Күлүп коюп, сүйүп коюп сен менен бир түн гана.
Эх мынчалык, билбепмин сүйөрүмдү,
Элесиңди туу кылып жүрөрүмдү.
Алсыратып, алыстан сызып келем,
Айлап, жылдап бир ооруу жүрөгүмдү.
Күлүп коюп, сүйүп коюп сен менен бир күн гана.
Күлүп коюп, сүйүп коюп сен менен бир түн гана.
Жайнагүл Калчаева — Таппай келем тексти
Датасы: 30.09.2020 Көрүүлөр: 2668
Жагымдуу
Автору Жумабек Сагынбаев
Автору ким