Сезимди терметкен,
Көңүлдү ээриткен,
Жүрөктү оорутуп,
Жүдөтүп дегдеткен.
Сүйүүгө сөз жок,
Күттүрүп кечиккен.
Кайырма:
Күн болуп жаркыраган,
Нур болуп чачыраган.
Азапка салбай, кайгырып калбай,
Жашай бер сүйүүм, талыкпай.
Сүйүүдөй күч барбы,
Жан дүйнө кыйнаган.
Сүйгөнүн көрбөсө,
Сагынып ыйлаган.
Кең дүйнө тар болуп,
Ааламга сыйбаган.
Кайырма:
Жүрөккө сүйүү келсин,
Өзгөчө сезим берсин.
Деңиздей чалкып,
Көңүлдөй балкып,
Ырахат алсын жан дүйнө.
Кайырма:
Роза Шакирова — Сүйүү — керемет тексти
Датасы: 01.10.2020 Көрүүлөр: 1337