Бир сулууну жолуктурдум ачылган
Ак жүзүнөн нур чачырап жайылган
Ыйманына арбыдыда койду да
Селки экен аппак жоолук салынган
Сүрдөп турам мен жанына бара албай
Эмне кылам койсо мени карабай
Айдай болуп жанып турат көздөрү
Бир көрүдө койду мени жаралай
Кайырма:
Оштун кызыбы же Чүйдүн кызыбы
Билбей турам же Нарындын сулуусу
Таластын кызы же Баткендин кызы
Джалал-Абад Ысык-Көлдүн аккуусу
Карап карап көздөрүңө тойбогом
Бойлоруңа куп жарашат ойлоруң
Кызгалдактай бураласын буркурап
Менин сага деген жакшы ойлорум
Качпа менден карындашым качпагын
Мага деген сезимдериң жаппагын
Эгер билсең сага деген ниетим
Бир бололу бирге аппагым