Жашоодо жашабайт ал,
Жомоктон жасаганмын.
Кийгизип ырдан таажы,
«Падышам» атаганмын.
Жашачу менде гана,
Мекени жүрөк болчу.
Сүрөтүн тартсам эгер,
Бүт аял сүйөт болчу.
Кайырма:
Ал мени алдабачу,
Күттүрүп ыйлатчу эмес.
Көзүнөн окучу элем,
Көөнүнө сыр катчу эмес.
Таптаза сезимдери,
От болчу эриндери.
Алоолоп күйүп турчу,
Билеги белимдеги.
О, укмуш, ушунчалык,
Мас болдум сөздөрүнө.
Жанына бардым дагы,
Карадым көздөрүнө.
Ыпысык алаканы,
Жүзүмдөн сылап өттү.
Мончок жаш карегимден,
«Тып» этип кулап өттү…
Назми — Падышам тексти
Датасы: 02.10.2020 Көрүүлөр: 115