Датасы: 19.07.2020
Формат: mp3

Кыймыл менен сүйлөгөн,
Кыргыз бийин үйрөнөм.
Кызыталы өмүрдү,
Кыз-жигиттер, бий менен.
Кызыкту бул таппайсың,
Кыдырсаң да дүйнөдөн.
Атпай кыргыз бийлесин,
Аруулантып дүйнөсүн.
Жеңил болгуң булуттай,
Жерге бутуң тийбесин.
Байкап турган адамдар,
Бали, кыргыз бий десин!
Куштай канат кагалы,
Учпай кантип калалы.
Бийге баарын чакырып,
Бир кумардан каналы.
Жаркын кунгө теңелсин,
Жаштыгыңтын жамалы.
Атпай кыргыз бийлесин,
Аруулантып дүйнөсүн.
Жеңил болгуң булуттай,
Жерге бутуң тийбесин.
Байкап турган адамдар,
Бали, кыргыз бий десин.
Жүрөгүңү тыбырат,
Жүлүнүңдү кыбырат.
Дем кошулсун демиңе,
Дене боюң чымырап.
Мелтиребей жарышкың,
Мезгил менен зымырап.
Атпай кыргыз бийлесин,
Аруулантып дүйнөсүн.
Жеңил болгуң булуттай,
Жерге бутуң тийбесин.
Байкап турган адамдар,
Бали, кыргыз бий десин.
Эргүү мыдай болобу,
Эриккеним жоголду.
Эриш-аркак бийлесек,
Эл көңүлү толорбу.
Тоңуп калган бир кезде,
Толкуталы тоолорду.
Жалпы кыргыз ырдасын,
Жаратылыш тыңдасын.
Жаркылдаган жылдыз бий,
Жашообузду нурдасын.
Ырыс болуп кыргыз бий,
Ынтымакты чыңдасын.
Атпай кыргыз бийлесин,
Аруулантып дүйнөсүн.
Жеңил болгуң булуттай,
Жерге бутуң тийбесин.
Байкап турган адамдар,
Бали, кыргыз бий десин.

Султан Садыралиев — Кыргыз бийи тексти: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *