Жар бойлоп, чие тапса, санап жешкен,
Жаш кезде шоктук кылып, таяк жешкен.
Таппаймын берер дүйнө досторума,
Тандашып, жакшы кызды «аяш» дешкен.
Кайырма:
Досторум, ыйманга жол салгылачы,
Досторум, эл деп күйүп, жангылачы
Өзгөрсүн жакшы жакка тагдырыңар,
Өзүңөр ушул бойдон калгылачы.
Сүрөшкөн, күлүк болсом жарыштагы,
Таптаган, саяпкерим алыстагы.
Сезилет силер менен чечилчүдөй,
Досторум, турмушумдун табышмагы.
Кайырма:
Мен азыр арзуу, үмүт ынагымын,
Сүйүүнүн берипсиңер гүл азыгын
Силердей асылдарга кошконуна,
Миң ирет жаратканга ыраазымын.
Айпери Кулбаева — Досторго тексти
Датасы: 02.10.2020 Көрүүлөр: 9411
Мага ушул ыр жакты