Ашыгып күйүп от болсом,
Ал тургай кызыл чок болсом.
Азаппы, мага эмне?
Айылыңа келсем жок болсоң.
Жүрөгүм күйүп от болсо,
Оттогу кызыл чок болсо.
Жүрөгүм менин күйбөйбү,
Журтуңа келсем жок болсоң.
Сыр айтып сырың чечемби,
Сыздасам сага жетемби?
Сымбатым менин, келсем да,
Сырдаша албай кетемби?
Тагдырлар качан билинет?
Келбедиң күтсөм миң ирет.
Татына жигит өзүңө,
Таарындым сага бул ирет.
Шахра Талипова — Таарындым сага… тексти
Датасы: 02.10.2020 Көрүүлөр: 5732