Датасы: 10.02.2025
Формат: mp3

Сагынып сени күтөм
Эстеп дайым жүрөм
Ойлонуп өзүңдү эңсеп
Сени деп өмүр сүрөм

Кусалык күчөп барат
Ансайын санаа тартат
Өзүңдү эстеп жүрөм
Сагыныч отту жандап

Аралап айлуу түндү
Эңсеймин бакыт күндү
Жүрсөк биз түбөлүккө
Бир сактап ак сүйүүмдү

Ааламга шоокум салып
Сагынам алыс калып
Алмашып күндөр айга
Күтөмүн кучак жайып

Кайырма

Жашоо жаңылануу
Бүтпөйт кайгыруу
Баары биз үчүн
Кымбат сагынуу
Сүйүп айрылууу
Арман кайгыруу
Баары жашоодо
Болот сагынуу

Элим калкыма
Айтам талпына
Сүйүү сагыныч
Болсун баарында
Досум кайгырба
Санаа алдырба
Жүрун сүйүнүч
Күндөр алдыда

Күтөмүн жакшы үлбү
Болбосун такыр күйүт
Адамзат жаша дайым
Бирөөнү тандап сүйүп
Ачылсын асман ачык
Шооласын элге чачып
Сагынам алыс калып
Самаркап ойго батып




Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *