Айланчыктап сени көргөн кезимден,
Ай-жылдызды карачумун көзүңдөн.
Ал ансайын ала качып карегиң,
Атаганат ошондогу көз ирмем.
Кайырма:
Жылдар өтөт, жылдыз өчөт
Жаштык өтөт, жалын өчөт,
Жалгыз гана, сен өчпөйсүң сезимден.
Эгер эркем чыгарбасаң эсиңден,
Эреркегем эргүү алып өзүңдөн.
Элесимде элесиңе эркелеп,
Эми минтип эт жүрөгүм эзилген.
Кайырма:
Болочоктун бак-таалайы сезилген,
Бото көзүм бой эргиткен сөзүңдөн.
Боздогонум билсе билер бир гана,
Ботосунан ажыраган боз инген
Жакты соонун
ЖАКТЫ СООНУН ЫР
Саламатсыздарбы мен ушул ырдын минусун жазсам кайра эле плюсун берип атат минусун кантип тапса болот «СЕН ОЧПОЙСУН СЕЗИМДЕН» именно ушул ырды
Автор ким