Карап эле тургум келет талыкпай,
Сенин колуң аппак жумшак мамыктай.
Жүрөгүң да жумшак болуп колуңдай,
Жүрсөн боло, жүрсөң боло сүйгөндүгүң аныктай.
Кыйгач карап кыйнадың го карыптай.
Суусаттың го суудан чыккан балыктай.
Аздык кылат бир жылмайып койгонуң,
Акактаттың, акактаттың суусун берип жарытпай.
Махабатым терең көлгө теңедим.
Уруксат бер, тереңдигин көрөйүн.
Чөгүп кетсем өз убалым өзүмө,
Колдон мени, колдон мени тартып алгын дебейм.
Ашык болгон абалыма карагын.
Суусатпачы кургап барат тамагым.
Ак сүйүүңдөн бере турчу бир тамчы,
Жок дегенде, жок дегенде эрин ымдап алайын.
60’K тобу — Бир тамчы тексти
Датасы: 04.10.2020 Көрүүлөр: 4649
Ырдап эмес,нымдап болуш керек
Жок