Мен бүгүн Ак-Буураны бойлоп келем,
Башыман өткөндөрдү ойлоп келем.
Шаркырап агып жаткан суу боюнда,
Толкунга аралашып балкыйт денем.
Алыстан агып келген Ак-Буурасы,
Аалайдын аскасынан тууласың.
Миңдеген булактарды бириктирип,
Айланып Ошту көздөй буруласың.
Карасаң тар капчыгай суунун жолу,
Шамалы бетке урат бийик тоонун.
Ошумдун так жүрөгүн эки бөлүп,
Ак-Буура агып өтөт, кандай сонун!
Ак-Буура агып турат, кандай сонун!
Айар — Ак-Буура тексти
Датасы: 06.10.2020 Көрүүлөр: 605