Датасы: 05.10.2020
Формат: mp3

Мен балалуу, сен бирөөгө бүлөсүң,
Дале таза сага мээрим, мүнөзүм.
Көрөмбү деп көп келемин шаарга,
Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң?
Оштон тапкам мага жагып мүнөзүң,
Эстен кетпейт мажүрүм тал, бир өзүң.
Тагдыр сени бир көргөзөр деп келем,
Дайының жок, сен сагынбай жүрөсүң.
Сезим жанып, бактылуу сен өзүң,
Сени издеген өзгөрүлбөйт мүнөзүм.
Бизге күбө Сулайман тоо, Ак-Буура…
Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң?!

Түмөнбай Колдошов — Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң? тексти: 3 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *