Сен каректин нурусуң,
Сен сезимдин сырысың.
Сен баарынан бийик ажайып сулуусуң.
Мен сүйүүмдү сунам,
Мен багынып турам,
Мен жакпасам сага, жалынып не кылам.
Кайырма:
Жашыйм улам,
Жашоом туман,
Жаным сага жакпасам,
Жалынып не кылам?
Сен сагынткан ак кушум,
Сен башкага бактысың.
Сен ээлеп алгансың, жүрөктун ачкычын.
Мен от болуп жанам,
Мен алсырап барам,
Көз нуруңду сенин кай жактан табам?
Кайырма:
Автандил — Не кылам? тексти
Датасы: 05.10.2020 Көрүүлөр: 1782