Датасы: 13.09.2024
Формат: mp3

Өмүр кыска

Көз ирмемдей тез өтөт

Капа кылып көңүлүмдү оорутпа

Колдон келсе өмүр улап күлүп өт

Көз ирмемдей өмүр гүлүн соолутпа

Кайырма

Ошол кыска көз ирмемдей өмүргө

Ойноп күлгүң кир калтырбай көңүлгө

Сый көрсөтүп сый көргүнүң адамзат

Бир жаралып бир келебиз өмүргө

Өмүрлөрдү улап турган сыйлашып

Тирүүлүктүн шамшөкөтүн суз кылбай

Эртең эле калгынсың бул күн батып

Өмүр өтсө аттиң дейбиз ыйлашып

Кайырма

Ошол кыска көз ирмемдей өмүргө

Ойноп күлгүң кир калтырбай көңүлгө

Сый көрсөтүп сый көргүнүң адамзат

Бир жаралып бир келебиз өмүргө

Өмүр кыска өмүр кыска адамзат

Адамзат баари — бирдей жаралат

Аны билбей жакшысын сен жаман деп

Урушабыз көнүлдөрдү чаралап

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *