Жүрөктө жүргөн сезим каргыл болуп,
Күткөнмүн күндө ойлонуп, калбыр болуп.
Келбедиӊ ак кайыӊдан, салаалаган
Тамчыдай жашым акты, жамгыр болуп.
Ал сезим калмак элес, санат болуп,
Канымды кайнатыӊ сен шарап болуп.
Келбедиӊ жапжаш сүйүүм жабыркады,
Добулда жерге ийилген дарак болуп.
Жарына жеткендерде кандай арман?
Сен кеттиӊ жарым болбой ардакталган.
Мен боздоп бопбош калдым өмүр бою,
Уядай боз торгою келбей калган.
Келбесиӊ калган убак анык болуп,
Жүрөсүӊ анда кимге жарык болуп?
Секетим, сени ойлонуп муӊданамын,
Суу акпай какшып калган арык болуп.
Секетиӊ күндө ойлонуп, муӊканамын,
Өзүӊсүз өткөргөн күн супсак болуп.
Жүрөсүӊ алда кимге жарык болуп?
Малик Аликеев — Келбедиң… тексти
Датасы: 05.10.2020 Көрүүлөр: 2703
Малик маркум жакшы ырдачу, жаткан жери жайлуу болсун