Ардагым, сени дайым көңүлүмдө
Аяймын, кайда жүрсөм ала жүрөм.
Түн элем жарык чачтың өмүрүмө,
Эми мен ачык үндөй ачык күлөм.
Кайырма:
Бүркөлбө, эркетайым, мени аясаң,
Күн түшөт кайра менин кабагыма.
Башкага же кучагым жая албасам,
Бара албай турган куштай түнөгүнө.
Кайгы-муңу уча качкан канаттуудай,
Кетишкен сен жаныма келген кезде.
Сеземин мен өзүмдү агын суудай,
Сени эстеп элесиңди тартсам көзгө.
Кайырма:
Марат Ибраев — Ардагым тексти
Датасы: 05.10.2020 Көрүүлөр: 23