Датасы: 05.10.2020
Формат: mp3

Жан кызым бүгүн мына жетип бойго
Аттанып баратасың турмуш жолго
Балалык күндөрүңдөн кадам таштап
Махабат бакыт кушун кармап колго

Кайырма:

Ай кызым алтыным бактылуу бол
Ар качан ийкемдүү аярлуу бол
Ата-эне эмгегин ыйык тутуп
Жан кызым алтыным кош аман бол

Айтканын жакындардын эске алгын
Ал барган жериңди сен сыйлап алгын
Түбөлүк жарың менен жетелешип
Баарына мээрим төгүп күлүп жангын

Бүлөңө кеч кирбегин күн нуру бол
Жарыңдын сүйүктүүсү сүйүүсү бол
Бак айтып барган жердин бактысына
Жан кызым келин эмес өз кызы бол



Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *