Датасы: 07.10.2020
Формат: mp3

Мен сени сагынып, жаным, эңседим,
Сезимдер сел болуп жанып дегдедим.
Селкилер көз салып арбап турса да,
Сен дедим, жан эркем, дайым сен дедим.
Кайырма:
Тандап, тандап майда басканың,
Татымың бал гүлдөй ачканың.
Көктө жылдыз түндү жамынган,
Көксөп сени эми тапкамын.
Мен сага ашыгып күндө самаймын,
Мен сага шашылып күндү санаймын.
Жүрсөм да алыстап бакытым ошол,
Сен келчү жолуңду күндө караймын.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *