Датасы: 07.10.2020
Формат: mp3

Болсо да жан дүйнөң таза
Жашоодо ак менен кара,
Билип кой, жандап жүрөт.
Болсо да ойлоруң таза
Турмушта ак менен кара,
Билип кой, бирге өмүр сүрөт.
Адам болгон соң көтөрөбүз баарын.
Кайырма:
Аалам өзү жөн жаралган эмес экен,
Башталат өмүр, билсең, жер энеден.
Улутуң башка болгону менен,
Атыбыз окшош «адам» деген.
Болсо да кыялы менен,
Эшиги ааламдын кенен,
Ачууга эркиң жетпеди.
Болсо да жакшыга жаман
Өзгөрбөйт өзөктүү заман,
Жазалайт эртеби, кечпи.
Адам болгон соң көтөрөбүз баарын.
Кайырма:
Биз адамбыз жашоого жаралган,
Күлүп, жайнап, сүйүнүп, кээде кайгырган.
Турмуш татаал, кээде адам жаңылат,
Кээде утат, жеңет, жеңилет, жыгылат.
Жасап кадам турмайынча адам жыла албайт,
Миң өзгөрүүсүз заман, сергек болуу кажет,
Көздү ачуу керек, турмуш деген бул — кыймыл-аракет.
Кайырма:

Один комментарий к “Алиша Диа — Адам милдети тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *