Жаз мезгили жайнап гүлдөр ачылган,
Жыпар жыты айланага чачылган.
Беттен сылап эркелетип салкын жел,
Бери кел деп сени мага чакырган.
Шайы көйнөк кийип турган келбетиң,
Көңүлүмдө өчпөс болуп жазылган.
Жылдар өтөт өткөн күндөр элесте,
Элестериң көз алдымда сени эстеп.
Булбул сайрайт сезимдердин багында,
Ошол элес өчпөйт сени келет деп.
Өмүр кыска өкүнөрүм Кудай, ай,
Кайра дагы бир жолукпайт белек деп.
Ай да чыкты тоонун башын жамынып,
Сүттөй нуру көл бетине чагылып.
Күбө болду бостерилер баарына,
Махабаттын зор күчүнө багынып.
Кош бол, жаным, элестетем ар дайым,
Ошол кезди бир өзүңдү сагынып.
Айпери Кулбаева — Бир элес тексти
Датасы: 06.10.2020 Көрүүлөр: 210