Күлсө гүлдөй ачылган,
Далай жигит ашыккан.
Миллион кыз бар элимде,
Бир-биринен аша турган.
Эрке мүнөз жаратылган,
Дидарынан таратылган.
Бир жигиттин бир сулуу бар,
Бакытына жаратылган.
Кайырма:
Миллион, миллион, миллион,
Миллион, миллион, миллион кыздар бар.
Бир-биринен өткөн сулуу,
Бири шекер, бири бал.
Миллион, миллион, миллион,
Миллион, миллион, миллион кыздар бар.
Миллиондун ичиндеги,
Эң сулууну тандап ал.
Жүрөктөргө жарык берген,
Сезимге сыр алып келген.
Жигиттердин өмүрүнө,
Кылыгы менен жарык берген.
Тилектерден тилек курап,
Жигит кызды сүйөт кулап.
Миллион кыз болгон менен,
Аттиң, жалгыз жүрөк бир, ай.
Кайырма:
Тынчтыкбек Айылчиев — Миллион кыздар тексти
Датасы: 06.10.2020 Көрүүлөр: 252