Датасы: 03.09.2020
Формат: mp3

Жылмайдың сен, жакын адамың
Жыл айланып көргөндөй,
Жүз көрүшүп таанышкандай,
Жүрсөң болду өзгөрбөй.
Сени тапкан ал мезгилдин
Күндөрү керемет гүл өмүрдөй,
Жүрөктөгү сезимдерге,
Сулуулук бердиң өзүңдөй
Кайырма:
Сени сүйдүм, дагы эле сүйдүм,
Арбалып мөлтүрөгөн жүзүңө гүлүм.
Тапкан бактым, мендик болоруңа жаным
Ишенип турам бүгүн.
Көздөрүңдү көргөн күндөн,
Бактылуу жан жок мендей,
Аппак гүлгө салыштыргам,
Айдай жүзүң көргөндө
Жан дүйнөмдүн байлыгы бол
Жылуулук табайын бир өзүңдөн.
Максаттарга жетелеген,
Жарым болчу өмүргө.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *