Датасы: 07.10.2020
Формат: mp3

Кайдасын айтчы барайын,
Сагындым сенин карааның.
Ашыгып калдым кантейин,
Жүрөгүңө жолду табайын.
Кайырма:
Жүрөгүм толкуй, толкуйт кантейин,
Оюмдан жалгыз өзүң кетпедиң.
Сагынып сени турсам да,
А бирок мага келбейсиң.
Секелек сулуу периштем,
Дечү элем жаным сени мен.
Чок таштап менин сүйүүмө,
Башкага кеттиң эми сен.
Кайырма:
Кызыл гүл сунсам албайсың,
Жигиттен жигит тандайсың.
Ошол бир сүйгөн жигитиң,
Таштап бир кетсе кандайсын?
Кайырма:
Ак сүйүүм менен арбалдым,
Алтыным мага келбейсиң.

Ынак Осмоналиев — Жүрөгүм тексти: 3 комментарий

  1. Сонун чыгарма экен кайран ынак байке ийгилик чыгармаларынызга озунузго ден соолук аманчылы каалайм

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *