Датасы: 18.02.2025
Формат: mp3

Кусалыкпы мага нени тиледиң?
Кайгы тартып бузулууда илебиң.
Калгандырсың чындап менден түңүлүп,
Азыр мени ойлобойсуң билемин.

Кайырма:
Ойго жатып түндүн санайм узунун,
Адат бойдон калып кетти ушунум.
Күйүтүмдү дагы кантип басмакмын?
Кечир жаным бүгүн бир аз кызуумун.

Мага деле оңой-олтоң дейсиңби?
Ишенбесең келчи көрүп кейпимди.
Сага чырмап байлап койгон окшоймун,
Жүрөгүмдү, бүт дилимди эркимди.

Айта берсем арманымды кайталап,
Жек көрүүңдүн чырагына май тамат.
Сен болгону карегимден байкап кой,
Карек кана сага баарын айталат.

Кайырма
Ойго жатып түндүн санайм узунун,
Адат бойдон калып кетти ушунум.
Күйүтүмдү дагы кантип басмакмын?
Кечир жаным бүгүн бир аз кызуумун.

Мээрболот Мырзабеков-Кызуумун тексти: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *