Датасы: 07.10.2020
Формат: mp3

Айылыңа капыстан барып калдым,
Көрөр замат көңүлгө жагып калдың.
Ырдап жатсам гүл сунуп чыгып келдиң,
Ошол бойдон каректе калып калдың.
Кайырма:
Кылыктанып кылчайып күлүп койдуң,
Сүйөрүңдү көзүңдөн билип койдум.
«Сезбей кетти сүйүүмдү» дебесин деп,
Мен да сени жалт карап күлүп койдум.
Ошол күнү уктабай ойгоо жаттым,
Ооналактап тынымсыз ойго баттым.
Көптөн бери жүрөгүм эңсеп жүргөн,
Ак сүйүүмдү акыры Оштон таптым.
Кайырма:
Кыялымда дайыма жанымдасың,
Өмүр бою издесем табылбасым.
Ортобузда чын эле сүйүү болсо,
Кадырыңа жетейин, карындашым.
Кайырма:

Один комментарий к “Майрамбек Осмонов — Оштук кызга тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *