Өзүңдү көп ичинен издеп жүрөм,
Өзүңө көңүлүмдү түздөп жүрөм.
Түшүмдө апкаарыбай сен деп сүйлөп,
Өңүмдө жолукканда сиз деп жүрөм.
Сыртыңдан көзүм түшүп суктанамын,
Сөз кылса кыздар сени кызганамын.
Айылыма келер бекен бастырып деп,
Азаптуу айлуу түндө уктабадым.
Сен менен колтукташып көл бойлосом,
Ак чабак балык болуп көлдө ойносом.
Асылып чарчасаң да моюнуңа,
Таарынчым таркамайын тим койбосом.
Гүлсүн Мамашева — Издеп жүрөм тексти
Датасы: 02.10.2020 Көрүүлөр: 3099
Чыныгы фильминдеги ыры болсо жакшы болмок
Кумарым Таркамайын тим койбосом
Жакшы болмок