Бакыраң көздөрүңдү эңсеп,
Байландым карегиңди издеп,
Жылмайсаң мага жылдыз болуп эркелеп.
Жаздагы булуттарды көктө,
Жашайсың кыялымда көпкө,
Жарк этип мага күн болуп көктө.
Кайырма:
Эх, жаным, теңебейм,
Мен сени башкага.
Эч кимди эңсебейм,
Сен, жаным, башкача.
Эч кимди сен дебейм,
Эркимди бууса да.
Эч кимге теңдебейм,
Ээ болуп турса да.
Жаз болуп жан дүйнөм тазарып,
Таң болуп таалайым агарып.
Жел менен аңкып жыпар жытың таралып,
Жашайсың бүтпөгөн дүйнөмдө.
Жар болуп түбөлүк сүйгөнгө,
Тилеген бактым сени менен өтсө.
Кайырма:
Оба жакты сонун ыр экен.
Эң сонун жазылган. Анан да аткаруусу да төп келген. Өктөм Азамат жигит ,,@