Самара Каримова. Ойлойсуңбу? тексти жана mp3

Созу Г. Абдылдаеваныкы
Обону А. Чикеевдики

Самара Каримованын аткаруусунда

Ырыскелди Осмонкуловдун аткаруусунда

Ойлойсуңбу тексти

Алсырап, жаным кейип турган кезде,
Опол тоо, жөлөк болуп койбойсуңбу.
Билбедиң же байкабай жүрөсүңбү?
Же мени оорубайт, же мени оорубайт деп ойлойсуңбу?

Муңканып, муунум бошоп турган кезде,
Күн болуп, кабакты ачып койбойсуңбу.
Билбедиң же байкабай жүрөсүңбү?
Же мени кейибейт, же мени кейибейт деп ойлойсуңбу?

Сезимдер толкуп, ташып турган кезде,
Сен мага жылуу суйлоп койбойсуңбу.
Байкабай же тушунбой журосуңбу?
Же мени сүйө албайт, же мени сүйө албайт деп ойлойсуңбу?

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.