Датасы: 09.10.2020
Формат: mp3

Биз көлдө сүзгөн, бир өмүр сүргөн,
Кош ак куу болдук тандашып сүйгөн.
Эңсеген жылдыз экөөбүз болдук,
Ээрчишип учуп, жандашып түшкөн.
Кайырма:
Кызыл гүл болуп ачылам сага,
Кымбатың болуп арналам сага.
Шүүдүрүм болуп таң менен келсең,
Кучагым жайып күн болом сага,
Өмүрдү жалгыз арнаймын сага.
Каректе калсын махабат жанып,
Кайталап өчпөс сезимди жазып.
Түбөлүк биздин сүйүүбүз өчпөйт,
Алоолоп күйүп, албырып жанып.
Кайырма:

КЕҢЕШ тобу — Сага тексти: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *