Ырлар тексти Жүрөк вальсы Sorry, your browser does not support HTML5 audio. Адырдан үзүп алганым, Ачылган жыпар гүл мына. Алтындай болгон өмүргө, Ар дайым шаттуу күн мына. Кырандан үзүп алганым, Кызарган жыпар гүл мына. Кырчындай болгон өмүргө, Кылымдар шаттуу күн мына. Гүлдүн да гүлдөй түрү бар, Гүлдөрдүн гүлүн билип ал. Гүлдөгөн жыргал турмушта,Гүлдөрдө гүлдөй сүйүү бар.