Жаштык кайда, ал бир өткөн элестер,
Кайда калды жашыл тулаң, белестер?
Арманы бар, адашуу бар, эстесем,
Айла канча, буга мезгил себепкер.
Өтөт күндөр өмүр-жашты кемитип,
Эртеңине бүгүн шашып демитип.
Өкүнүчкө тоо чүмкөнгөн мөңгүдөй,
Аз жыргалды көлгө айланта эритип.
Өмүр ошол, өткөн күндөр чаң чыгарып чак өткөн,
Арманы көп, кызыгы көп, буга мезгил себепкер.
Арманы бар, адашуу бар, эстесем,
Айла канча, буга мезгил себепкер.
Өкүнүчкө тоо чүмкөнгөн мөңгүдөй,
Аз жыргалды көлгө айланта ээритип.
Асема — Мезгил тексти
Датасы: 09.10.2020 Көрүүлөр: 351