Аппак, аппак таң,
Айлуу түндө маанайым ачкан,
Өзүңдү ойлоп өмүрүмдүн тынчтыгы качкан.
Арзуум албууттап ашыгып, жаным, сени тапкам.
Айтчы, алтыным, жамалың кайда нурун чачкан?
Кайырма:
Таңдагы сулуу жан белең,
Табышмактуу жан дүйнөң менен.
Таттуу сүйүүнүн,
Даамын татчы, перим, мени менен.
Тумарым болчу, туздуу жаштан мени сактаган,
Туурума кончу, түбөлүктүү сүйүүм арнасам.
Жалынып сага өмүрүмдү арнайм өзүңө,
Жылуу сүйлөсөң жылынамын сенин сөзүңө.
Кайырма:
Мирбек Иманбеков — Аппак таң тексти
Датасы: 09.10.2020 Көрүүлөр: 818