Датасы: 10.10.2020
Формат: mp3

Ак көйнөк кийип келдим бүгүн сага,
Албырган ак жүзүмдү сүйөбү деп.
Арналган сага деген ак сүйүүмдү,
Айттырбай көздөрүмдөн билеби деп.
Ак көйнөк кийип келдим бүгүн сага,
Ардагым кучагына кысабы деп.
Эгерде сезсең менин тилегимди,
Алтыным, айды көздөй учалы деп.
Ак көйнөк кийип келдим бүгүн сага,
Аргендей добушуңду угайын деп.
А бирок күтүүсүздөн тааныштырдың,
Ак жуумал бир келинди жубайым деп.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *