Датасы: 29.10.2020
Формат: mp3

Турмушту бирге жеңбедик,
Туудай термелип,
Туруп бербедик.
Түйшүгүн тартып келемин,
Түркүн жемеңдин,
Билбей себебин.
Жай таппай желдей желемин,
Жашоо желегин,
Жайбай келемин.
Жер кезип издей беремин,
Же бир сезбедиң.
Кайырма:
Убалым ойлоп койбодуң,
Унутпай сени ойлоймун,
Укпадың анын аныгын же болжолун.
Кызгантып мени кыйнадың,
Кыйылып мен да кыйбадым,
Сеземин качан махабаттын жыргалын?
Үмүтүм куру камчылап,
Күтөм канча убак?
Күйүп жанчылап,
Өрттөдүм өзгөнү коштой,
Жагылган оттой,
Жаратым козгой.
Азабың тартып жүдөдүм,
Алсыз жүрөгүм,
Алдап жүрөмүн.
Сыр бербей сырдан күлөмүн,
Сыздап жүрөмүн.
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *