Датасы: 12.10.2020
Формат: mp3

Басканың сонун маралдай,
Бажырайт көктө бар айдай.
Балкытып жүрөк эргиткен,
Бар болсун кыргыз кыздары ай.
Суктантып көргөн көздөрдү,
Сулуулар өткөн бир даалай.
Кайырма:
Периште кыргыз кыздары,
Чачырайт көздөн нурлары.
Балкытып жүрөк эргиткен,
Бар болсун кыргыз кыздары ай.
Жарашкан жанга келбети,
Жайкалган көлдүн бермети
Жар салып аалам кессең да,
Бир гана жоктур тендеши.
Жамалы жанды эргиткен,
Кымча бел сулуу келишкен
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *