Датасы: 12.10.2020
Формат: mp3

Ашыгып күйүп от болсом,
Ал тургай кызыл чок болсом.
Азаппы, мага эмне?
Айылыңа келсем жок болсоң.
Сыр айтып сырың чечемби,
Сыздасам сага жетемби?
Сымбатым менин, келсем да,
Сырдаша албай кетемби?
Жүрөгүм күйүп от болсо,
Оттогу кызыл чок болсо.
Жүрөгүм менин күйбөйбү,
Журтуңа келсем жок болсоң.
Тагдырлар качан билинет?
Келбедиң күтсөм миң ирет.
Татына жигит өзүңө,
Таарындым сага бул ирет.

Кыял Батырканова — Таарындым сага бул ирет тексти: 4 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *