Датасы: 13.10.2020
Формат: mp3

Жыпар жыт каптап,
Дүйнөнүн жибек жел эзген.
Жүрөгүм чакмак,
Жүлүндөн бери «дүрт» эткен.
Сел болуп аппак,
Нур болуп каптап,
Түшүмө кирдиң,
Түшүмө кирдиң түндө сен.
Ак кайың бүрдөп,
Ажайып аалам тиктесем.
Толкуну түрмөк,
Айдың көл мына издесем.
Токтолбо жүр деп,
Толкунга мин деп,
Түшүмө кирдиң,
Түшүмө кирдиң түндө сен.
Ак шумкар шаңшып,
Канатын күүлөп бийиктен.
Көңүлдү тартып,
Кайберен жүргөн бийик бел.
Көл болуп чалкып,
Жыт болуп аңкып,
Түшүмө кирдиң,
Түшүмө кирдиң түндө сен.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *