Канымжан Жаманбаева — Түшүмө кирдиң түндө сен тексти

Көчүрүү (скачать)

Жыпар жыт каптап,
Дүйнөнүн жибек жел эзген.
Жүрөгүм чакмак,
Жүлүндөн бери «дүрт» эткен.
Сел болуп аппак,
Нур болуп каптап,
Түшүмө кирдиң,
Түшүмө кирдиң түндө сен.
Ак кайың бүрдөп,
Ажайып аалам тиктесем.
Толкуну түрмөк,
Айдың көл мына издесем.
Токтолбо жүр деп,
Толкунга мин деп,
Түшүмө кирдиң,
Түшүмө кирдиң түндө сен.
Ак шумкар шаңшып,
Канатын күүлөп бийиктен.
Көңүлдү тартып,
Кайберен жүргөн бийик бел.
Көл болуп чалкып,
Жыт болуп аңкып,
Түшүмө кирдиң,
Түшүмө кирдиң түндө сен.

Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Нурлан Насип - Эне тилде сүйлөйлү тексти1518
Саламат Садыкова. Кыргыз жери тексти жана mp3978
Сайкал Садыбакасова - Мугалим тексти345
Гульнур Сатылганова - Туулган жерди сагынуу тексти193
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти138
Мирлан Баеков - Оксук ыры тексти123
Эрлан Андашев — Өкүнбө тексти100
Данияр Эрматов - Мен кыргызмын тексти97
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти96
Нурлан Насип - Токтогулга кетесиңби тексти90

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.