Ойлосом көңүл ток эле,
Ооматы ойдо жок эле.
От болуп күйгөн мезгилде,
Отуз жаш ойдо жок эле.
Абайлап жүрбөй кокустан,
Ашыпмын бүгүн отуздан.
Ой, эми шашпа кайда деп,
Артымдан жанат отуз шам.
Күлкүдөн кумар таркабай,
Кырк жашты салдым аркага.
Өмүрдүн кызык учурун,
Өткөргөн экенмин байкабай.
Салтанат күүсүн көп угам,
Шаңданып калам мен улам.
Кырчындай жаштык турганда,
Кырк жаштан өтүп не кылам?
Карылык деген кашаң ат,
Картайтат экен жакалап.
Картайтса мейли картайтсын,
Картайтпайт бизди махабат.
Оюмдун түбү бүтө элек,
Жаштыктын оту өчө элек.
Түшсө да бырыш чекеге,
Жүрөккө бырыш түшө элек.
Розанын ырын уксан башкача болосун.Журоко жеткире ырдайт. Унуно Береке!!!
Кагылайындар, азаматсынар. Ырлардын так тексттерин жонотосунор. Айткылачы эми тексттин авторун эмнеге жазбайсынар. Обону кимди аны эмне жазбайсынар. Даяр чыгарманы аткарган Роза Шакированы жазып коесунар. Авторлорун Пушкин жазабы? Грамотно, четко, ясно иштегиле болбосо жыйыштырып салгыла да. Чала иш кылбай. Вечно ушундайсынар. Авторлорду жазып койгонго анчалык коп арифметиканын зарылдыгы жок да ботом