Датасы: 14.10.2020
Формат: mp3

Каралдым ай кандан бүткөн жан балам
Өмүрүмдү жалгыз гана сага арнагам
Эркелесең элжиреймин жыргалыңа
Кылыгыңдан күлгөнүңдөн мен садагам
Эр жетип элдик адам болсоң экен
Энекең сыймыктансын сени менен
Тиреги боло көргүн ата-журттун
Тилегим ушу балам саган деген кулунум менин балам

Өзүңсүң түгөнбөгөн далай бактым
Кымбатым өмүрдөгү балдай таттуу
Сен барда унутамын кайгыны да
Жан балам жаркылдаган күндөй шаттуу
Эр жетип элдик адам болсоң экен
Энекең сыймыктансын сени менен
Тиреги боло көргүн ата-журттун
Тилегим ушу балам саган деген кулунум менин балам

Элиңдин бүт санаасы сен тарапта
Эр жетип эл-журтуңа жер каратпа
Башыңа кыйынчылык түшкөндө да
Баарынан намысыңды бийик сакта
Эр жетип элдик адам болсоң экен
Энекең сыймыктансын сени менен
Тиреги боло көргүн ата-журттун
Тилегим ушу балам саган деген кулунум менин балам

Один комментарий к “Гүлнара Кахарова — Эне тилеги тексти”

  1. Гульнара эжеге эн жакшы деген каалоолорумду Гана каалайм. Гульнара эже сизге бекем Ден соолук каалайм

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *