Экөөбүз жолукчу жер, колдүн жээги аба салкын,
Күнүгүдөн баскандарың бүгүн, эртең арбын-арбын.
Шашкансып толкундарды кечип өттүм,
Кол сунуп жолугаарда ойго чөктүм
Оюмда эч нерсе жок кучактасам
Башкага жар болдум деп ыйлап өттүң.
Махабат бооруң ташпы, агыздыңго көздөн жашты,
Бактымды кармай албай бул сүйүүдөн көңүл калды
Тилеген ой бар эле дагы канча,
Сөз бүтпөй сүйлөшчү элек ай чыкканча.
Алтыным кош болгун деп кете бердиң
Көзүмдөн акты жашым узаганча…
Кызарып күн жаңыдан тоого кире баткан эле,
Көл дагы коштошконсуп жээкке сууну чачкан эле.
Кааларым бакыт кушун табарыңды,
Соолубай гүлдөй болуп жанарыңды.
Кош эми түбөлүккө бактылуу бол
Унутпа сени сүйгөн адамыңды.
Унутпа сен деп жүргөн адамыңды.
Мирлан Баеков — Унутпа тексти
Датасы: 15.10.2020 Көрүүлөр: 2570