Датасы: 16.10.2020
Формат: mp3

Муздаса жүрөгүң чокту салайын,
Чаңкасаң булактай шылдыр агайын.
Жылдыз толгон түндө жаныңа барайын,
Кайгырса жүрөгүң, дартыңды табайын
Кайырма:
Жалындап оттой күйөмүн,
Жашырбай сени сүйөмүн.
Жанымдан кетсең алыстап,
Жабыркап калат жүрөгүм.
Бир көрүп жактырдым жылмайган жүзүңдү,
Жактырдым жароокер карагат көзүңдү.
Аздектеп уксам да асылкеч сөзүңдү.
Айта албай турамын апапак сүйүүмдү.
Кайырма:
Муздаса жүрөгүң чокту салайын,
Чаңкасаң булактай шылдыр агайын.
Жылдыз толгон түндө жаныңа барайын,
Кайгырса жүрөгүң, дартыңды табайын

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *