Сүйүү отун өчүрбө,
Жүрөсүң сен көңүлдө.
Таарынбастан, секелегим,
Шерик болчу өмүргө.
Кайырма:
Таарынбачы, таарынба,
Жакшы күндөр алдыда.
Келин болчу түбөлүккө,
Мен чоңойгон айылга.
Бой көтөрүп керилип,
Терс бурулба телмирип.
Таарынычың жаза албай,
Жүдөп бүттүм эзилип.
Кайырма:
Эркем, эркем, эркем, ай,
Эркелетер бекем, ай?
Өзүң менен түбөлүккө,
Өмүр сүрөр бекем, ай?
Таарынбачы, таарынба,
Жакшы күндөр алдыда.
Келин болчу түбөлүккө,
Мен чоңойгон Аксыга.
Гүлжигит Сатыбеков — Таарынба тексти
Датасы: 16.10.2020 Көрүүлөр: 11133