Түркүн ыр шаңдуу жаңырып,
Дүркүрөп колдор чабылып.
Ырыстуу күндү жар салып,
Ыр дүйнөм барат агылып.
Кайырма:
Кубулжуй бергин, ырларым,
Кубантып жүрөк сырларын.
Жашоонун ыры — бул ырлар,
Жар салган жаштык жыргалын.
Кайрадан ырлар уланып,
Кадалат көздөр суранып.
Көл бойлоп бара жаткансып,
Көңүлдөр эргийт кубанып.
Кайырма:
Өскөн жер ырдан жашарып,
Өмүрлөр барат тазарып.
Мекеним тынчтык ырлары,
Гүл жайнайт күндө жасанып.
Кайырма:
Эрнест Бөрүбаев — Кубулжу, менин ырларым тексти
Датасы: 17.10.2020 Көрүүлөр: 220