Токтогул:
Эшиктен келдиң бир мейман,
Көңүлүм сага бөлүндү.
Сезбейт деп мени ойлобо,
Сыягы, акын көрүндү.
Кандай иним экенсиң,
Үйгө кирбей тартынган?
Араң кирип отурдуң,
Бир кишинин артынан.
Сырдашсак арман бөлүнөт,
Илебиң жука көрүнөт,
Өнөрүң болсо өргө чап!
Тартынбай, балам, сырыңды айт,
Чын сырыңды айтпасаң,
Адебиң менен өзүң кайт!
Б а р п ы:
Эшмамбет айткан атыңды,
Билдим го, аба, баркыңды.
Эми таанып турамын,
Кир болбогон атыңды.
Адеби жоктук кылып мен,
Алдыңа келген өңдөнөм.
Алыстан келдим ашыгып,
Токтогул сага көлдөлөң.
Эшитким келет үнүңдөн
Булбулдай ширин тилиңден,
Аттанып келдим атайы
Төөлөс, Бостон элимден,
Болжолдоп чыктым Бостондон,
Насибим сизге кошкондон.
Токтогул:
Алыстан келген баласың,
Айтымдуу сөзгө канасың.
Сурайын ата-тегиңди,
Билейин сенин жөнүңдү.
Пикири жок аттанган
Бий баласы болбогун?
Пайдасы жок мактанган
Бай баласы болбогун?
«Ырым менен эритем»
Деп келгенден болбогун?
Калайыкка чоң сүйлөп,
Жеп келгенден болбогун?
Арыктатып ала атты
Аксаткандан болбогун?
Айылдын ичин бүлгүзүп,
Какшаткандан болбогун?
Бейкасам кийип түрлөнүп
Жасангандан болбогун?
Эшен менен молдодон
Бата алгандан болбогун?
Кожолорго кол берип
Сыйлагандан болбогун?
«Кедейлерди мал тап» деп
Кыйнагандан болбогун?
Канкорлордон эзилип,
Кара таман тешилип
Жүргөн болсоң мунуңду айт,
Балам, жүрөгүңдөгү сырыңды айт.
Б а р п ы:
Байкадым, аба, жөнүңдү
Сурадың ата-тегимди.
Пикири жок аттанган
Бир күн тынып жатпаган
Бий баласы эмесмин.
Пардашы жок батпаган
Жалгыз өзүн мактаган
Бай баласы эмесмин.
«Ырым менен эритем,
Отурганды дегдетем»
Деп келгенден эмесмин.
Калайыкка чоң сүйлөп,
Жеп келгенден эмесмин.
Арыктатып ала атты,
Аксаткандан эмесмин.
Айылдын ичин бүлгүзүп,
Аламанды күйгүзүп,
Какшаткандан эмесмин.
Бейкасам кийип түрдөнүп,
Жасангандан эмесмин.
Кудурети колдогон
Эшен менен молдодон
Бата алгандан эмесмин.
Кожолорго кол берип,
Сыйлагандан эмесмин.
Кедейлерди «мал тап» деп,
Кыйнагандан эмесмин.
Өз ыкласым болбосо,
Аба деп сизге келбесмин!
«Зулумду Током сүйбөйт» деп
«Манаптар менен жүрбөйт» деп,
«Эшен менен молдонун
Айтканына кирбейт» деп,
«Жардыга Током тарап» деп,
«Адашкан Барпы сен болсоң,
Азгырбай жолго салат» деп
Айткан эле Эшмамбет.
Акылдуу акын Током деп,
Артык көрдүм өзүңдү.
Тыңшап угуп турамын
Булбулдай мукам сөзүңдү.
Комузуңду карасам
Келтирип чапкан арчадан.
Сен ырдасаң чогулат
Алыс, жакын, барча жан!
Комузуңа кошулган,
Тилиң ширин канчадан!
Тирүүлөй жетим мен болуп,
Машакат өттү башыман.
Жетинбей жети жашымдан,
Муңайып жүрдүм азапта.
Жыйырма жыл жылбастан,
Малай болдум Сузакта.
Бай тырмагы — уу тырмак
Балыктай этке батырат.
Унутуп калсам бир ишти
Олоңдоп мага бакырат.
Түнкүсүн төрт бөлүп,
Уйкумду бузуп чакырат.
Азапты тарттым Сузактан
Кутула албай тузактан,
Аба, сени сүйчү элем,
Келе албай жүрдүм узактан.
Токтогул:
Жетимди көрсөм жашыймын,
Муунум бошоп тура албай.
Катуу сүйлөп койдумбу?
Жайыңды сурап биле албай.
Көзүңдүн көрсөм карасын,
Шам чырактай жанасың
Касиетсиз душмандан,
Азап чеккен баласың.
Мени бирөө айткандан,
Көңүлүңө жаккандан
Келген балам экенсиң.
Мен ырдасам сөзүмө
Канып кетер бекенсиң?
Кечээ келбеске Токоң кетти деп
Беш каман көөнүн жайлады,
Бекитип колум байлады.
Жалгандан кара көрсөтүп
Бездирип элден айдады.
Кабарым алган киши жок
Согончогум туурулду.
Заманам жаман куурулду.
Зарлаган менен көрбөдүм.
Артымда гана жалгыз уулумду.
Кубанчым элден ажырап
Бакшы азабым бул болду.
Менин тирүүмдө сүйгөнүм
Армандуу жесир тул болду.
Он жыл Сибирь токтодум.
Кайрылып калың кыргызга
Келбей турган окшодум.
Үйдөгү калган зайыбым
Башына кайгы түшүптүр.
Жаман аттуу болом деп
Байга тийип кетиптир.
Бешенеге тартылган
Армандуу мээнет калабы…
Алганым кетсе мейличи
Өз күнүн көрсүн а дагы.
Шумкарым арып-азыптыр,
Туурумдан уча качыптыр.
Ачылбай гүлүм соолуптур
Арманым ичке толуптур.
Бузулган экен турмушум,
Сынган экен кылычым.
Туяктан минтип айыртып
Көрчү, душмандын кандай кылышын….
Бузулса турмуш мейли эле
Булбулум бактан качыптыр.
Булбулду көрбөй бүктөлдүм,
Булбулдун тили катыптыр,
Булбул сындуу чолпонум
Келсем буралып жерге жатыптыр.
Ата деп мойнум кучпады
Адашып келген Токоңдун
Алдынан тосуп чыкпады.
Жаркырап-жайнап күлбөдү
Жаңырып атам келди деп а
Кулунум жанымда бирге жүрбөдү.
Б а р п ы:
Алыстан келдим айлыңа
Байкадым аба түрүңдү…
Урматтуу Током аман деп,
Укканда жүрөк сүйүндү.
«Беш каман деди мени» деп,
«Түгөтөмүн сени» деп,
Көрсөткөн экен казатты,
Тартыпсың, аба азапты.
Сибирде жүрдүң нечен жыл
Сыздадың ыйлап күнү-түн
Кара чачың агартты
Кайгы менен күйүтүң.
Аман көрдүм өзүңдү,
Азыркы менин ишим оң.
Таалимиң алсам деп келдим,
Токо тилегим чоң, үмүт чоң .
Токтогул:
Комуздан берген саламым,
Эми улап кет, иним, аягын.
Эмкисин башка ырдайын,
Акындыгың сындайын.
Кеп түйүнүн чечпесең
Чечендигиң ким билет
Кереметиң болбосо,
Чеберликти ким билет?
Табышмакты таппаса
Сырчылыгың ким билет?
Жабылтып ырды төкпөсөң,
Балам, ырчылыгың ким билет?
Б а р п ы:
Аркар менен кулжанын
Оттоор жерин ким билет?
Табылбаган күлүктүн
Токтоор жерин ким билет?
Токтогул:
Жүрөгүндө оту бар
Айтымдуу киши жаталбайт.
Түбү бузук душмандар
Башкага келип баталбайт.
Белгилүү чечен белен эр
Сүйлөгөн сөздөн такалбайт.
Алмакка оору тооруса,
Эч айласын табалбайт.
Эшен, кожо чогулуп,
Дем салган менен айыкпайт.
Өлөрүн билсе адамзат,
Өзүнөн өзү арыктайт.
Ажал кыстап келгенде
Атага сырын айталбайт
Айткан менен пайда жок,
Агасы барып кайтарбайт,
Аманат жаның өтпөсө,
Алганың кара жамынбайт,
Өлбөй киши айрылбайт.
Өпкөлөгөн өз тууган
Өбөктөсөң табылбайт.
Тууштуу тууган арданбайт,
Балам, күйүтсүз адам зарданбайт.
Б а р п ы:
Октобой мерген ата албайт,
Онтобой оору жата албайт.
Түздөбөй мерген ата албайт
Түйшөлбөй оору жаталбайт.
Сынбай сөөк чор болбойт
Тилеп алган балдарың
Жетим болбой кор болбойт.
Бузуктун сөзү оң болбойт
Буйруктуу алтын жоголбойт.
Булбулдун үнүн эшитпей,
Буралып гүлдөр ачылбайт.
Мурунтан муңу көп көрсө,
Мундуунун үнү басылбайт.
Күкүктүн үнүн эшитпей
Гүл жайкалып ачылбайт.
Күйүттүн дартын көп тартса
Күйгөндүн үнү басылбайт.
Токтогул:
Куш канаттуу кир болбойт
Душмандын көөнү бир болбойт.
Кароолуңа илинбей
Качкан кайып аттырбайт.
Аялың жакшы болгон соң
Туугандан сени жат кылбайт.
Азамат чыкса элиңден
Душманга сени бастырбайт.
Б а р п ы:
Эски пахта бөз болбойт,
Эсептешкен дос болбойт.
Жакшынын сөзү корс болбойт
Жамандын сөзү жоош болбойт.
Жалаң ачуу, бал болбойт,
Жакшынын пейли тар болбойт.
Токтогул сендей акындар
Ар жерде жүрсө кар болбойт.
Калемпир ачуу туз болбойт.
Кар түшпөй сууда муз болбойт.
Катын кыркка чыкканда,
Кадимкидей кыңшылап,
Кабыргаңдан чымчылап,
Кайра жашап кыз болбойт.
Кайран өмүр ишине
Токо карап турсаң көз тойбойт.
Токтогул:
Кушуңду өзүң салбасаң
Чырмалып колдон баралбайт.
Анык табын билбесе
Илбесинди алалбайт.
Бул ырды иним таштайын:
«Менен» деп ырдай баштайын
Көл сөөлөтү каз менен
Мелмилдеп жаткан саз менен
Сулуулар бетин өптүрөт
Кайрылып туруп наз менен.
Б а р п ы:
Дарыя агат сай менен,
Жылкынын көркү тай менен.
Көк соорун учат балалуу
Ошо сай боюнда жар менен.
Кулалы учат аң менен
Көк карга учат жар менен.
Сагызган ойнойт сай менен
Баласыз киши зар менен
Азамат көрүк жарашат,
Булкунган буудан ат менен.
Аралашып бир жүрбө,
Көңүлү бузук жат менен.
Токтогул:
Өз баркын өзү биле албайт,
Балам басташпагын мас менен.
Капалыгым жазам деп,
Кадырлаш болбо нас менен.
Кучакташып дос болбо
Асты акылы пас менен.
Жанашсаң жакшы карт менен
Сооданын иши — март менен.
Моюнуң кылдай ичкерет
Балам, сары оору мээнет дарт менен.
Б а р п ы:
Араба жүрөт таш менен,
Ууру жүрөт пас менен.
Адамдын көркү баш менен
Маңдайдын сыны каш менен,
Киши акыл табат эс менен
Ороюң ысык бет менен
Өз элиңден бөлүнүп
Басып өтпө чет менен.
Токтогул:
“Мененди” иним, таштайбыз,
“Турбайбыдан” баштайбыз.
Аркар, кулжа жайыты
Зоодо болот турбайбы.
Ар өсүмдүк мийвалар
Тоодо болот турбайбы.
Б а р п ы:
Жамандын пейли белгилүү
Казанын тээп сындырып
Быркыратат турбайбы.
Катын бала-чаканы,
Чыркыратат турбайбы.
Басып алып тооктой
Тырпыратат турбайбы.
Т о к т о г у л:
Балам, «турбайбыдан» өтөлүк,
Эми «жазылатка» көчөлүк.
Арабаны көргөндө
Аттын чери жазылат.
Элге шилеп бергенде
Марттын чери жазылат,
Илбесинди көргөндө
Куштун чери жазылат.
Акмакты урсаң аябай
Муштум чери жазылат.
Нарын тартып эт жесең
Тиштин чери жазылат.
Жамгыр жаап, кар жааса,
Кыштын чери жазылат.
Б а р п ы:
Арык байлап суу келсе,
Салдын чери жазылат
Ак мөңгүлүү жылгада,
Муздун чери жазылат.
Кулпуртуп сонун иш кылса,
Уздун чери жазылат.
Жаңы күйөө келгенде
Чымчылашып күлүшүп,
Чын көңүлүн беришип,
Сары майдай эришип
Токо кыздын чери жазылат.
Токтогул:
Сен дагы мендей ырдадың
Ырыңдан балам сындадым.
Адаштырып ырдасам
Айтканымдан жылбадың.
Менин айткан ырымды
Бекеринен бурбадың.
Сайраттың кызыл тилиңди
Акындыгың билинди.
Мен көрсөткөн ырымды
Улабастан койбодуң.
Ажыратпай бир жерин
Кынабастан койбодуң.
Адис акын экен деп
Бул жагынан ойлодум.
Б а р п ы:
Көрдүң, Токо, көшүлдүң,
Көңүлүм сага чечилди.
Айтканым айып болсо да,
Аталык кылып кечиргин.
Кечирет деп мени иниң,
Алдыңдан келип өтүндүм.
Жаңылбаган чеченсиң
Токо, бизге жазылган каттан экенсиң.
Эстебес Турсуналиев — Токтогул менен Барпынын жолугушуусу тексти
Датасы: 20.10.2020 Көрүүлөр: 2115