Ошо кезде жанга көп түйшүк,
Махабатта сүйкүм жол дагы.
Эриндериң салкын өбүшүп,
Кысылгансыйт араң кол дагы.
Кайырма:
Коштошконум билгин көзүмдөн,
«Кош» дегенге оозум барчубу.
Бир жөнөкөй жанмын өзүм мен,
Бирок билер кадыр-баркыңды.
Эми калдым гүлдү үзүштөн,
Түшүнүп кой мындан арыга.
А мен үчүн эчак күз түшкөн,
Гүл учуру жаздын барыга.
Эриндериң салкын кыбырап,
Таркабаган өңдүү наз дагы.
Кубандырчы өскөн гүл бурак,
Кең талаада эрте жаздагы.
Калмурат Рыскулов — Коштошуу тексти
Датасы: 20.10.2020 Көрүүлөр: 798
Ооба, абдан жакты! Рахмат!